“Мисс Казакстан” улуттук сулуулук сынагынын уюштуруучулары турмуштун оор кырдаалына кабылган долбоордун катышуучусу Гүлнур Нуртаза үчүн жаңы кызмат сунушташты, деп билдирет казак басылмалары.

2017-жылы Гүлнур Нуртаза “Кызылорда Мисси” наамын жеңип алган. Ал эми 2019-жылы “Мисс Казакстан” тобунун финалисти болгон.

Жакында эле социалдык тармактарда Алматыдагы кафелердин биринде идиш жууган сулуулар сынагынын катышуучусунун видеосу тараган. Бул видео бир гана казактарды эмес кыргыз коомчулугунун да көңүлүн өзүнө бурган.

Этно-дизайнер Гүлнурга өзүнүн “Энелерге ишеним” этно-музейинде жана Нур-Султандагы “Бактылуу үй-бүлө” республикалык координациялык борборунда иштөө сунушталды.

“Кызылорда шаарынын акимчилиги дагы биздин ишибизди финалистке сунуштап, ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти”, – деп билдиришүүдө “Мисс Казакстан” сынагынын уюштуруучулары.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Kris P Brothers️️️ (@kris_p_brothers)

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: