Шри-Ланканын балыкчысы Индия океанында катуу шамалдан кийин эки жумада Мальдив аралына жетип, аны Кыргызстан менен Казакстандын туристтери тапкан.
Туристтер Мальдив аралдарында кайыкты ижарага алышып, деңизде бир нече күн балык уулоого кетишкен. Күндөрдүн биринде алар жалгыз кайыктагы бир адамды байкап калышат. Кийин белгилүү болгондой, катуу шамалдан кийин анын кайыгы бир нече күн бою океанда сүзүп жүргөн.
“Кудум кинодогудай. Балыкчылар катуу шамалга кабылып, экөө каза болгон, ал эми аман калган бир жаран океан үстүндө 15 күн сүзүп акыры Малдив суусуна жеткен. Достору эмне болуп каза болгондугу бизге белгисиз, айтымында алар үчөө болчу. Бизден Шри-Ланкага чейинки аралык болжолдуу 1000 чакырымды түзөт”,- деп жазат Кыргызстандын жашоочусу Улан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 129