Россиянын Чита шаарында жөндөө жумуштары учурунда чыккан чууга ачуулаган адам тогуз жаштагы кызды атып өлтүрдү. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашкан.

Каргашалуу окуядан жарым саат мурун кыз “TikTok” баракчасына видео жүктөгөн. “Mash” телеграм каналы билдиргендей, коңшусунун кылмышка баруусуна  үйдө жүрүп жаткан жөндөө жумуштарынын дабышы себеп болгон. Ал бир аз убакытка чейин эшикти тепкилеген. Эч ким эшикти ачпай турганын түшүнгөн соң , ал эшикке ок аткан. Ок эшиктин ары жагында турган кызга барып тийген.

“Мас абалдагы кошунабыз биздин эшикти катуу каккылап жатат. Ал бир нече мүнөттөн бери  турат. Ал кыйкырып, сөгүнүп жатат. Мен коркуп жатам. Үйдө иним бар. Үйдө ремонт болуп жатат. Атам дүкөнгө кетти .Мен эмне кыларымды билбей турам. Эми ал эшикти талкалайт. Буту менен тепкилеп жатат. Мен катуу коркуп  жатам”, –  деди ал видеодо.

Забайкалье тергөө комитети трагедия 17-февралда саат 13:30 чамасында болгонун билдирди. Чита шаарынын Темиржол районунда тогуз жашар кыздын өлүмү боюнча укук коргоо органдарына билдирүү келип түшкөн.

Учурда окуя болгон жерде полиция жана соттук тергөөчүлөр иштеп жатышат.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, кыз 1988-жылы Чита шаарынын тургуну тарабынан атылган деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя болгон жерде полиция жана соттук тергөөчүлөр иштеп жатышат.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, кыз 1988-жылы Чита шаарынын тургуну тарабынан атылган

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 989