Эквадордогу түз эфир учурунда телеалпарууга тапанча менен кол салынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышууда.
Спорт кабарчысы Диего Ординола Гуаякилдеги Монументалдык “Исидро Ромеро Карбо” стадионунун жанында түз эфиргке чыккан.
Кабарчы эфирге чыкканда, ага медициналык маска кийген бир адам келип, тапанчасын көрсөтүп, анын телефонун талап кылган.
Оператор окуяны тартып алууга үлгүргөн, бирок каракчыга телефонун берген. Кылмышкер окуя болгон жерден качып кеткен, анын шериктери жакын жерде мотоцикл менен күтүп турушкан.
Кийинчерээк Диего Ординола видеону Твиттердеги баракчасына жарыялаган. Аны 379 миң адам көрүп, алты миңден ашуун адам бөлүштү.
Ni siquiera podemos trabajar tranquilos, esto ocurrió a las 13:00 de hoy en las afueras del Estadio Monumental.
La @PoliciaEcuador se comprometió a dar con estos delincuentes. #Inseguridad pic.twitter.com/OE2KybP0Od— Diego Ordinola (@Diegordinola) February 12, 2021