Ишкер жана меценат Маргулан Сейсембаев Кыргызстан менен Казакстандын чек арачыларынын ишин салыштырды. Бишкекке болгон иш сапарын аяктагандан кийин, ал Алматыга барып, өзүнүн “саякаты” жөнүндө “Facebook” баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал Бишкек шаарынан саат 18:05те чыгып кеткен.

“Мен саат 19:07де чек ара бекетинде болдум. Мен 15 мүнөттө кыргыз чек арасынан өттүм, ал эми казак чек арасы – натыйжасыздыктын жана башаламандыктын чокусу. Адамды басынтуу, күтүү. Жүк ташуучу унаалардын чоң кезектери бар. Казакстандын чек арачылары 100% автоунааларды рентгенге, ошондой эле текшерүүгө багыттайт. Чек арачылардын жарымы уктап жатышат. Бир адам рентгенде гана отурат. Эч кимдин иши жок, бааарына эки коен, бир тыйын”, – дейт меценат.

Сейсембаев белгилегендей, жол 7,5 саатка созулуп, анын 3 сааты чек арада өткөн.

“Бул өлкөдө жүк ташуучу унаалар менен жеңил автоунаалардын агымын бөлүп алууну эч ким божомолдой албайт. Рентген аппараттарын дагы сатып албайсыңарбы? Процедураларды тартипке келтирбейсиңерби? Астанадагы LRT мамычасынын ордуна (Нур – Султан шаарында курулуп жаткан көчөдөн тышкары жеңил темир жол транспорту тутуму) жылына жүз миңдеген адамдар өтүүчү бул бактысыз чек ара өтмөгүн жабдуу менен камсыз кылса болот. Жолдун жарымы казылган, чуңкурлар. Бишкек менен Алматанын аралыгы болгону 234 чакырымды түзөт, аны эң көп дегенде 2 саатта басып өтсө болмок. Мен аны 7,5 саатта басып өттүм. Биздин бийлик бир тууган элдер экенибизди оозеки гана жарыялайт. Чек ара көзөмөлүн жана алардын ортосундагы жолду карасам, биздин карым- катнашыбыз ,Палестина менен Израилдин мамилесинен да начар”, -деп жазды ал.

Макала жактыбы?

НетДа
24
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 411