Кечээ, 22-февралда интернет тармагына муфтияттын бухгалтери УКМКнын кызматкерине пара сунуштап жаткандагы тууралуу видео тараган. Бул тасмада мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушевдин дагы катыштыгы болгондуктан, ал социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирүү жасады.
“Буйруса, өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн көп нерселерди айтпай келдим эле. Мына бүгүнкү видео тууралуу бир гана нерсени суранмакмын, шашылыш чечим чыгарбай, эч кандай ойго келбей туруңуздар. Мен дагы ал видеого комментарий бербей турмакчымын. Себеби, бул видеону ар түрдүү кылып кыркып, тескери мааниге ээ кылышыптыр.
Элибиздин тынчылыгы үчүн мен көп нерсеге көз жумуп келгем. Эми биз деле айта турган күндөр келиптир. Ошондуктан алдын ала адамды каралабай, сын такпай, бир аз сабыр кылып туруңуздар сураныч. Акыйкат сөзсүз келет. Ошондо анан сөздү да айтабыз, сиздерди да угабыз. Түшүнүп турганыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Аллах Таалам жүзүбүздү жарык кылсын, жана жүрөктөрдү ыйманга толтурсун. Жай эс алыңыздар. Сиздерди колдойт деп ишенем”, – деп жызылат Токтомушевдин кайрылуусунда.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 202