Буна чейин Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын сөөк терип иштеп жатат деген 61 жаштагы тургуну Назгүл Стамакуновага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жолугуп кайтты. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн маалымат кызматы билдирди.
Алардын айтымында Ат-Башы айылынын тургуну Назгүл Стамакунова учурда бир небереси менен жалгыз жашайт. Эки кыз, эки уулдун энеси. Азыркы учурда эки уулу тең абакта. Бир кызы оорудан улам каза болуп, экинчи кызы учурда Бишкек шаарында турат.
Н.Стамакунова райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда туруп, келген гуманитардык жардамдардан куру калбайт. Андан сырткары райондогу “Социалдык дүкөндөн” кийим-кече менен камсыздалып турат жана Ат-Башы айылындагы соода борборлорундагы атайын ачылган текчелерден бекер азык-түлүк алып турат.
Учурда жашап жаткан турак-жайы жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу былтыр, 2020-жылы Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан шагыл, топурак түшүрүлүп, эски үйүнүн жанына жаңы тамдын пайдубалы түптөлүп, дубалдары тургузулган. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан курулуп жаткан үйүнө эшик, терезелер жеткирилип берилген.
Маалымат катары айта кетсек, былтыр пандемияга байланыштуу курулуш иштери токтогон. Жаз алды менен курулуш иштерин кайрадан улантуу пландалууда.
Ал эми небересине жөлөк пул чектелбегендигинин себеби, небересин асырап алууга соттун чечими керек. Н.Стамакунова наркологиянын каттоосунда болгондугуна байланыштуу сот чечип бере албастыгы билдирилген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 318