Кытайлык актриса жана ырчы Гао Лю ийгиликсиз пластикалык операциядан улам мурунунан айрылып кала жаздаган.

Жаңы гана өзгөчө популярдуулукка ээ болгон сулуу эл көзүнөн жашырынууга туура келген. Буга актрисанын ийгиликсиз пластикалык операция жасалгандыгы себеп болгон.

Сулуу болгусу келген кыз, мурунсуз калам деп ойлогон жок. Төрт сааттык пластикалык операциянын кесепети Гао Лю үчүн оор болду.

Операциядан кийин мурундун ооруп жаткандыгына даттанган ал, көп өтпөй мурунунун учундагы тери жансыз болуп калганын байкаган. Мурунунун учу карарып, некроз башталып кетет.

Натыйжада Гао Лю эки ​​ай ооруканада жатып, мурунун сактап калуу үчүн көп акча короткон.

Дарыгерлер анын мурунундагы кара тактарды бир жылдан кийин гана тазалап, мурунку көрүнүшүн калыбына келтирүүгө болорун айтышат. Эми ырчы бир жыл боюу карарган мурун менен жүрүүгө аргасыз.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 50