“Кыргыз Туусу” гезитине башкы редактор болуп Мырзакат Тыналиев шайланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири өздүк булактарга таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

“Мырзакат Тыналиевди бүгүн коллективге тааныштырышты”, – деп айтышты өздүк булактар.

Мырзакат Тыналиев журналисттик тажрыйбасынын көп жылын “Кыргыз Туусу” гезитинде иштөө менен өтөдү.

Буга чейин аталган гезитти Эрнис Балбаков жетектеп келген. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазгандан бери башкы редактордун орду бош турган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: