Вьетнамда курьер болуп иштеген жаш жигит 12-кабаттан кулап кеткен эки жашар кызды куткарып калганын “Daily Mail” басылмасы жазып чыкты.

Нгуен Нгок Ман 12-кабаттын терезесинен кулап кеткен эки жашар баланы тосуп калууга үлгүргөн.

Окуяны коңшу үйдүн жашоочулары видеого тартып алышкан.

Жакын жерде турган Нгуен адамдар кыйкырып, жардамга чакырганда  дароо жардамга умтулган.

Биринчи кабаттын чатырына чыгып, эки жаштагы кызды сактап калуунун жолдору жөнүндө ойлоно баштаганда, ымыркай кулап түшкөн. Баары бир заматта болгондуктан, жигит ымыркайды ойлонбостон тартып алууга аракет кылган.

“Мен карама-каршы имаратка керектүү нерселерди жеткирип берүү үчүн, унаамда күтүп отурсам, бир баланын ыйы угулду. Жөн гана ата-энеси аны уруп жатат деп ойлогом. Баланы көргөндө дароо кызымды эстедим жана аны куткарууга аракет кылдым ” , – деген ал.

 

Макала жактыбы?

НетДа
6
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: