№14  ҮМБнын дарыгери Бахтияр Абасматов президент Садыр Жапаровдон медицина кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү маселесин чечип берүү суранычы менен видео кайрылуу жолдоду.

Анын айтымында ал февраль айында 10 миң сом алган.

“Негизи эмгек акы беш миң сом, Бишкек мэриясынан кошумча төлөм 5 миң 500 сом. 30 жылдык тажрыйбасы бар адамга 10300 сом берилди”, – деди ал.

Айрым учурда кээбир себептерден улам мындан да аз айлык акы аларын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, департамент дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатуунун үч этабын иштеп чыгып, аларды өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана президентке өткөрүп берген. Буга чейин ал дарыгерлерге дагы, медайымдарга дагы эки эсе айлык акы көтөрүлө турганын айткан.

Макала жактыбы?

НетДа
21
4
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: