Ким кайсы митингге чыгат, кимди колдойт ал өзүнүн иши. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Мен кээ бир кесиптештериме кайрылып коёт элем. Ким кайсы митингге чыгат, кимди колдойт ал өзүнүн иши. Ал өзүнүн жүрүм-туруму менен жооп берет. Бул жерде ар кандай саясат кылбай коллегаларга тийишпей жүрсөк. Бири-бирибизге тийишпей жүрөлү деп суранып кетем», – деди ал.
Бүгүнкү жыйында Бекешев кээ бир депутаттар “коррупционерлерди колдоп митингге чыгып, бул жакта бийликке жагалданып, эл алдында башкача сүйлөп жүрөт” деген билдирүү жасаган.
Ал эми Таабалды Тиллаев Райым Матраимовду колдоо митингине катышып сөз сүйлөгөн болчу.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: