Түп районуна караштуу Михайловка айылында өз өмүрүн кыйган окуучу мектепте жакшы бааларга окуп жаткан. Бул тууралуу Т.Г.Шевченко атындагы мектепте эмгектенген мугалимдер билдиришкенин “Турмуш” басылмасы жазып чыкты.

Алардын айтымында, Эркин (ысымы өзгөртүлдү) мектепке барып, сабактарга катышып жүргөн. Окуучулар арасында эч кандай келишпестик болгон эмес.

«Эркин абдан ак көӊүл, тыӊ, мектептеги коомдук иштерге активдүү катышкан бала болчу. Дайыма сабагы бүтөрү менен үйүнө жөнөп, ата-энесине жардам берчү. 2-март күнү кадимкидей эле мектепке саат 8:30да келип, классташтары менен күндөгүдөй эле учурашып, кучакташып сабакка кириптир. Анан мектепте окуу аяктар алдында класста окуган бала жыгылып кетип, бутун оорутуп алган экен. Эркин жана дагы бир классташы экөө сабактан суранып, аны үйүнө жеткирип, кайра келиптир. Ошону менен сабак бүтүп, үйлөрүнө тарап, бир көчөдө жашаган 4 бала менен чогуу кетишкен экен.

Бири-бирине жакын жашаган коӊшулардын балдары күн сайын мектепке чогуу келип-кетишчү. Ошону менен саат 15:00 чамасында мугалимдерге суук кабар келди. Мектептеги чоӊ класстардан да сурамжылоо жүргүздүк. Эч кандай конфликт болгон эмес. Окуучулар Эркин менен сый-мамиледе болгонун айтууда. Бул каргаша классташтарына, досторуна катуу сокку болду. Азыркы күндө алар ыйлап жатышат. Аттиӊ, сабакка көӊүл буруп, жакшы окуп келе жаткан бала болчу», – деди алар.

Буга чейин Михайловка айылында 7-класста окуган өспүрүм өз өмүрүнө кол салганы маалымдалган. Окуя 2-март күнү саат 15:00 чамасында болду. Маркумдун жансыз денесин биринчилерден болуп апасы короосунан тапкан.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: