“Балбак баатырдын монорельси” келгиче, Бишкектиктер жөнөкөй тыгындан кырылып калмай болду. Бүгүн Ак-Өргө жаңы конушунан саат 7:45 чыккан 8-троллейбус Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги бекетке 1саат 10 мүнөт аралагында келди.

Жолдогу унаалардын көптүгүнөн баш айланат! Мэрия жаңы айланма, эстокадалык кесилиштердин, “Балбак баатырдын долбооруна” көңүл салбай, каяктагы бир ирээтсиз курулуштарга уруксаат берип, шаарды муунтуп, бирок, ошол эле маалда ордо калаанын түштүк аймагын оңдоо менен гана алек. Эмнеге дебейсизби? Ал жерде жалаң VIP чиновниктер, өкмөт мүчөлөрү, шаардын калк каймагы жашайт.

Калдыктар үчүн асфальт жолдор асфаль эмей, чопо менен кумдун кышында тоңго алдыргандай кейпинде. Троллейбустун ичиндеги жыш адамды айтып деле кереги жок. Өзүнчө бир Бангладеш! Санитардык номларды аткаруу НӨЛ. Айрым унаа менен коомдук транспорттун кирдигичи ай! Зээнин гана кейийт, атаганат. Сөздү коюп сүрөт сүйлөсүн! Бул сүрөт шаардын борбордук аймагында гана чырк этме болгон. Шаар чети, жаңы конуштарды өз фантазияңар эмес элесте бергиле калаалыктар.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: