Казакстандын Жамбыл облусунда кайын журтуна мал союуга жардамдашканы келген күйөө бала, түнкүсүн кайра келип эттин баарын уурдап кеткен. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Жамбыл облусунун айылдардын биринде орун алган. Үй ээлери эрте менен эт сакталган кампаны караганда, эшик талкаланып этти уурдап кетишкенин билишкен.

Бул окуяга үй ээлеринин күйөө баласынын тиешеси бар экени аныкталган.

Көрсө, түн ортосунда ал киши сарайдын эшигин талкалап, этти түгөлдөй алып кеткен.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү уурулук учурунда мас болгонун жана согумду асып жеш максатында алгандыгын мойнуна алган. Эми этти асып жегиси келген шектүү, кайын журтунан кечирим албаса, камакка алынат деп айтылат маалыматта.

Макала жактыбы?

НетДа
0
4
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: