Аймактык кеңештин депутаты Александр Дорошенко Украинада орус тилинде сүйлөгөнү үчүн партиядан чыгарылганын “РИА Новости” билдирди.

“Европа Тилектештик партиясынын” басма сөз кызматы билдиргендей, Харьков аймактык кеңешинин мүчөсү Александр Дорошенко орус тилинде сүйлөгөнү үчүн  фракциядан чыгарылган.

Партиянын айтымында, депутат “баскынчы өлкөнүн тилинде сүйлөп, кесиптештеринин эскертүүлөрүнө көңүл бурган эмес”.

Александр Дорошенко Фейсбуктагы баракчасында катуу толкундангандан кийин орус тилин колдонгонун айткан.

“Толкунданганымдан орусча сүйлөп, украин тилинде сүйлөй алган жокмун. Мен коомчулуктан, ошондой эле “Европа Тилектештик Партиясындагы” кесиптештеримден кечирим сурагым келет. Кесиптештеримдин айткан эскертүүлөрүнө реакциям башкача болуш керек болчу “, – деп жазган ал.

Ошол эле учурда Дорошенко келечекте эл алдында украин тилинде гана сүйлөй тургандыгын убада кылды. Бирок, ал орус тилдүү экендигин мойнуна алды.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын апрель айында Украинада “Украин тилин мамлекеттик тил катары камсыз кылуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Документке ылайык, мыйзамды бузган чиновниктерге айып пул салынат.
16-январда Украинада кызмат көрсөтүү жаатында украин тилин милдеттүү түрдө колдонуу эрежеси киргизилген.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: