Түркиянын Кушадасы шаарында полиция кызматкерлери тарабынан 27 жаштагы жаран кармалды. Ал 4 жаштагы кыргызстандык кызды зордуктады деп шектелүүдө. “Sozcu”  басылмасынын маалыматына таянсак, 4 жаштагы кыз — шектүүнүн аялынын жээни.

Кыргызстандын жараны Х.А.А. буга чейин Россияда жашаган. Жакында эле жубайы А.Д. менен Кушадасы шаарына барган. Ал жерде аялынын аталаш бир тууган эжеси М.У. жашаган.

М.У.нун айтымында, түндө ойгонуп, жанында кызы жок экенин көргөн. Анан А.Д.га чалган. Кызы алардын үйүндө экенин уккан соң үйүнө жеткирип берүүнү суранган. Кызы чочулап, коркуп калганын көрүп, эмне болгонун сураганда 4 жашар 27 жаштагы түркия жараны тарабынан зордукталганын айткан.

Шектүү буга чейин 4 түрдүү кылмыш боюнча соттолгону маалым болду.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: