Кут, адам баласына кайра-кайра келе бербейт. Жараткан “кутту”, болгону үч ирет гана берет, ошону унутпасаңар”. Бул тууралуу мурдагы депутат айым Жылдызкан Жолдошова “Фейсбук” баракчасы аркылуу жазып чыкты.
Жолдошованын сөзүн өзгөртүүсүз беребиз:
“КУТ…
Кут, адам баласына кайра-кайра келе бербейт. Жараткан “кутту”, болгону үч ирет гана берет, ошону унутпасаңар.
Мен, кыргыздын үч чыгаан уулдарына, үч доско, үч лидердин замандашы, партиялаш коллегасы, эжеси, о.э. алардын басып өткөн жолдоруна күбө катары бир насаатымы инилериме айтып коюну чечтим.
Садыр, Ахматбек, Камчы, Сиздерге кут үч жолу келген: 1-си 2007ж, 2-си 2010ж, 3-сү 2020 ж.
2010 жылы келген “кутту”, Сиздердин оппоненттериңер атайын “чагымчыл” иштерди жасашканда, кечиресиздер Сиздер ошол “чагымчыл” иштерге туруштук бере албай, ынтымагыңар “ыдырап” кутуңарды учуруп алгансыңар…аттиң.
Азыр да Сиздердин, ачык эле айтайын душмандарыңар ошол эле “ыкманы” колдонуп жатышат, а Сиздер ошол “ыкмага” баш ийбей ынтымагыңарды бекемдегиле. Анткени артыңарда Кыргыз Республикасы деген мамлекеттин, кыргыз элинин тагдыры турат. Жоопкерчиликти сезгиле, “кутту” учуруп албагыла. Элиңердин “ишенимин” жана ” үмүтүн” актагыла деп, эжеңер Жылдызкан Джолдошова.”

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: