Ош шаарында 11-апрелде өтө турчу жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катыша турган азырынча 9 партиянын аты жарыяланды. Бардыгы болуп жалпы 699 талапкер катталган.
Алсак, эң көп талапкерлер “Улуттар биримдиги” партиясынан катышууда, алардын саны 161 деп көрсөтүлгөн.
“Ата-Журт Кыргызстан” – 79, “Бүтүн Кыргызстан” – 75, “Ыйман нуру” – 70, “Бир бол” – 70, “Ынтымак”- 69, “Ишеним” -67, “Улуу Журт” -66, “Республика”- 42 талапкер.
Белгилей кетсек, бүгүн жергиликтүү кеңештерде өтө турчу шайлоо алдындагы үгүт иштерине старт берилди. Жалпысынан жергиликтүү кеңешке республика боюнча 59 партия ат салышууда. Бирок, БШК партиялар жана партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялай элек.

Макала жактыбы?

НетДа
6
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: