Тортко шам жаып өзгөчө күндү белгилөө модага айлангандыктан, өрттүн да саны көбөйдү. Буга Вьетнамда тартылган дагы бир видео күбө.

Жаш кыздын кийимдери өрттөнүп жаткан учурдун видеосу YouTubeда ViralHog баракчасына жарыяланган. Видеонун авторлорунун айтымында, окуя 1-мартта Вьетнамдын Шайнингуен шаарында болгон.

Кыз тортко шам жагуу кооптуу деп ойлогон эмес. Кооз көйнөк кийген ал, колуна шам жагылган торт кармап ырдай баштайт. Бирок, көп өтпөй кыздын кийимдери күйө баштайт.

Кыз күйүп жаткан кийимдеринин ичинен түтүн чыгып жаткандыгын байкаган да жок. Кийимде өрт чыкканда гана ал ырдаганды токтотту.

Бул окуя эмне менен аякталганы белгисиз. Себеби видео жарым жолдон үзүлүп калган. Бирок, сулуу кыздын модалуу кийимдери кийүүгө жарамсыз болуп калганы анык.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: