Күнүмдүк архивдер 15.03.2021

video

Ошто “Ата-Журт Кыргызстан” админресурс колдонуп жатат. Буга атаандаштары нааразы (Видео)

Ош шаардык кеңешине өтө турчу жергиликтүү шайлоого катыша турган 6 партия шайлоодо добуш сатып алуу сыяктуу таза эмес технологияларга каршы бирге күрөшүү, ар бир...

Новиков өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча тутумдуу иштин жоктугун билдирди

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков мамлекеттик жана социалдык мекемелердеги өрт коопсуздугу эрежелерин сактоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Аталган...

Укук коргоо органдары активист Тилекмат Куреновду кармап кетти

Бишкекте укук коргоо органдары активист Тилекмат Куреновду кармады. Буга чейин ал Ак үйдүн алдындагы Конституциянын жаңы редакциясына каршы митингдин уюштуруучуларынын бири болгон. Андан мурдараак, ал...

Садыр Жапаров ТМККнын Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды (Сүрөт)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы (ТМКК) Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат...
video

Экинчи жолу үйлөнүүгө балдарынан уруксат ала албаган карыя электр мамысына чыгып алып коркутту (Видео)

Индияда экинчи жолу үйлөнгүсү келген улгайган адам балдарынан уруксат ала албай, өз жанын кыйганга аракет кылды деп билдирет "indianexpress.com." басылмасы. Раджастхан шаарынын тургуну Собран Сингх...

Партиялардын бюллетендеги номуру аныкталды

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы бүгүн, 15-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда бюллетенге киргизүү ырааттуулугун аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрдү. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча бюллетендерде...

Жерүйдөгү фабриканын ачылышына Жапаров барат, Путин онлайн катышат

Президент Садыр Жапаров 17-мартта Таластагы «Жерүй» кениндеги алтын иштетүү фабриканын ачылышына барат. Ачылышка Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышат. Бул тууралуу...

Жогорку Сот “Дөө Чыңгызга” карата чечим чыгарды

11-мартта Жогорку Сот "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү кримавторитет Жумагулов Чыңгыз Адашкановичке карата чечим чыгарды. Жогорку Соттун басма сөз кызматы 15-мартта билдиргендей, эки инстанциянын...

Президент «Japan DX» компаниясынын башкарма мүчөсү Сожи Сузукини кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, «Japan DX» япониялык компаниясынын башкарма мүчөсү Сожи Сузукини кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди. Минералдык...

Таласта адамды уурдап кетип, токойго алып барып сабаган УКТ мүчөсү кармалды

Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери ээнбаштыкка жана киши урдоого шектүү жаранды кармашты. Маалыматка ылайык, 27-январь күнү саат 23:00 чамасында 1993-жылы туулган М.М. шериктери менен...

Садыр Жапаров Россиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды (Сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды. Билим берүү чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашышты. Мамлекет...

Сүрөттөн эң биринчи эмнени көрдүңүз? Мүнөзүңүздүн алсыз жагын билип алыңыз

Сүрөттөн биринчи эмнени байкадыңыз? Жолборс: Каардуу адам экениңиз бет жүзүңүздөн көрүнүп турат. Бирок абдан адилеттүү жана чынчылсыз. Сиз айланаңыздагы адамдардын биринчи жоопкерчилигине жана ылдамдыгына көңүл бурасыз....

Ааламга атагы чыккан белгилүү боксчу көз жумду

Легендарлуу кесипкөй мушкер Марвин Хаглер 66 жаш курагында көз жумду. Каргашалуу жаңылыкты спортчунун жубайы билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты. "Бүгүн менин сүйүктүү жолдошум Марвелус...

Орозо качан башталары айтылды

Кыргызстанда быйыл орозо кармоо болжол менен 13-14-апрелде башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Муфтияттын маалыматына караганда, бул күн айдын жаңырышына карап өзгөрүүсү ыктымал. Бир...

Дааратканадан чыккан жылан адамды чоочутуп, жүрөгүнүн үшүн алды

Камбоджада үйдүн дааратканасынан чыккан жылан, адамдын шаштысын кетирди деп жазат "Daily Mail" басылмасы. Рэй Софанын айтымында, ал ажаткананын капкагын ачып, аны колдонууга аракет кылган. Бирок,...