“Тилимдин учунда” деп жөнөкөй сөздөрдү унутуп кала бересизби? Бул абал деменциянын бир көрүнүшү. Деменциянын бузулуусу бул мээнин иштешинин тез-тез токтоп калышы дегенди түшүндүрөт.

Муну унутчаактык деп эсептебешибиз керек. Деменция эс тутум, ой жүгүртүү, түшүнүү сыяктуу когнитивдик функциялардын төмөндөшү менен мүнөздөлөт. Бул оорунун так себеби белгисиз. Бирок дарыгерлер анын туура эмес жашоо образынан келип чыгарын айтышат. Башкача айтканда, мээ керектүү азыктарды же керектүү басымды албайт. Ал көпчүлүк адамдарда кездешиши мүмкүн. Бөтөнчө жашы улгайган сайын, пайда болуу коркунучу жогору.

Деменциянын бузулуусунун алгачкы белгилери:

Унутчаактык
Тынчсыздануу, шек саноо
Маанайдын өзгөрүшү, депрессия
Жеке өзгөрүүлөр

Деменцияны алдын алуу жолдору:

Көбүрөөк кыймылдаңыз: Физикалык активдүүлүк мээни кан менен жакшы камсыздап, анын калыбына келүүсүнө жардам берет. Көбүрөөк басыңыз, велосипед тебиңиз.

Адамдар менен аралашыңыз: Сиз каалабасаңыз дагы, коомдук активдүүлүк мээ үчүн аба сыяктуу.

Мээни машыктырыңыз: Табышмактарды жана кроссворддорду окуп, чечиниз. Тил үйрөнүңүз, жаңылыктарга көз салыңыз, күн сайын жаңы нерселерди үйрөнүүгө аракет кылыңыз.

Зыяндуу адаттардан алыс болуңуз: Тамеки тартуудан жана алкоголдук ичимдиктерден алыс болуңуз. Никотин деменцияны пайда кылат.

Витаминдердин жетишсиздигинен алыс болуңуз: Д витамининин жетишсиздиги кем акылдуулукка алып келиши мүмкүн. Ал үчүн туура тамактануу керек.

Уйку: Күнүнө жок дегенде 7-8 саат сапаттуу уйку менен камсыз болуңуз. Бирок 10 сааттан ашык уктоо акыл-эссиздикке алып келиши мүмкүн. Эгерде сизде уйкусуздук, ачкачылык же апноэ болсо, дарыгерге кайрылып, жардам сураңыз.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: