Ырчы Анжелика Кайратова жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгондон бери, өзүнө карата сын-пикирлердин көбөйгөнүн айтып социалдык баракчасы аркылуу аларга жооп берди.

Анын айтымында ал кичине кезинен бери чоң сахнага аттанып ошондон баштап, мээнет менен келе жатат.

Ырчы айымдын сөзү өзгөртүүсүз берилет:

“Сен ырдап эле жүрө берчи!
Элден чогулган акчага – даары таратканыңа кыйынсыңбы?
Сен депутат болуш үчүн ыктыярчы болгон турбайсыңбы?! “
Эң популярдуу сындар.

Жооптор:
1. 1998-жылдан бери чоң сахнада ырдап келе жатам. Каникул эмне экенин билбей мектепти бүтүргөнчө төрт айлап чоңдор менен тең тайлаша иштедим. Балалыгыман тарта ак мээнет менен келе жатам.
Кышында колу -бутумду сезбей калганча үшүгөнүмдү билдирбей күлүп ырдап, элдин маанайын көтөрүп, эл алдында “элдин кызы” болуп келгенмин. Чыгармачылыгымды соңку он жылда коомдук иштер менен бирге алып баруудамын. Жөн гана ырдоо мен үчүн жашоо болсо . Ал эми элге кызмат кылуу – абадай керектүү нерсе!
2. Эл акчаны ишеничтүү адамга берет тура! Эл эмне үчүн башка жаранды эмес, мени тандап , акчаны мага тапшырып жатышты? Эмне үчүн жети областын эли кыйын кырдаалда кайрылаарга жер таппай , бизге келип жатты? Биз бирөөгө дагы жок дебей, келген берекени эки эсе көбөйтүп берип жаттык.
Жиндегеним, акчасы бар чиновниктер кайрымдуулукка кутучага бир сом таштабай, элдин акчасына алынган даары дармекти алып кетип жатышты. Ошондо гана “акча таштап кетиниз” деп айтууга мажбур болгом. Менин ордумда ар бир карапайым эл үчүн күйгөн адам ушундай кадам кылмак!
Мен өз чөнтөгүмдөн кыздарымдын окуусуна деп катып жүргөн миллион сомго аппараттарды алгам! Жана үн катпагам! Айтчу күн келди!
Чектери бар!
3. Политикадан алыс болом дечү элем. Бирок, пандемияда элге даарылар кымбаттап, чет элден келген гуманитардык жардамдар кайсы даректерге барганына маалымат каткан үчүн, жаным кейип, башыбызга дагы ушундай сыноо түшсө кандай кылабыз?деген ой менен жашап келем. Көрсө, муктаждарга жардам бериш үчүн сенин коомдо элдин тандоосуна арзыган, тастыкталган добуш алууң керек экен.
Айтылбаган сөздөрдү эми айтабыз. Стористерге белгилеп турган – жолугушуубузга келиңиздер! Шайлоого барыңыздар! Биздин номер 3!!!”, – деп жазган ал.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: