Жакында Талас облусунда расмий түрдө ачылган “Жерүй” алтын кенинде 18 адам тамакка уулангандыгы тууралуу маалыматтар чыгууда. Мындай маалыматтар менен жарандык активист Аманбол Бабакулов Фейсбук социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасында бөлүшкөн.

Маалым болгондой, аталган билдирүүдөн кийин Талас ОИИБинде бул иш электрондук эсепке алуу журналына “Санитардык-эпидомиологиялык талаптардын бузулушу” фактысы менен каттоого алынган. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдайт.

“Жарыяланган маалымат канчалык деңгээлде чындык экендигин аныктоо максатында жана ага карата мыйзам чегинде чара көрүү үчүн текшерүү жана иликтөө иштери башталды”, – деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, «Жерүй» алтын кенинин салтанаттуу ачылышы 17-мартта болгон. Ага президент Садыр Жапаров жеринде, ал эми Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин видео байланыш аркылуу түз эфирде катышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: