Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана өлкө элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Өткөн жылы кыргыз-кытай ар тараптуу өнөктөштүк мамилелери коронавирус инфекциясынын сыноосунан өттү. Биздин өлкөлөрүбүздүн эли эр жүрөк жана чечкиндүү кол кармашып, алдыга карай баратат. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы ар кандай тармактардагы кызматташтык жаңы натыйжаларга жетишти. Салттуу кыргыз-кытай достугу биздин элдин жүрөгүнөн дагы терең орун алган», — деп айтылат куттуктоодо.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чын ден соолук, ишине ийгилик, Кыргызстан элине бакыт жана бакубат жашоо каалады.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: