Өлкөдө акыркы суткада коронавирус 106 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактык көрсөткүчтөр боюнча алсак, маалыматка ылайык, Бишкекте – 61, Чүй облусунда – 40, Ош шаарында – 1, Ысык-Көл облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 2 кишиден илдет аныкталып, Бишкекте 2 адам каза болгон.

Ошол эле учурда, бир суткада 68 адам коронавирустан айыккандыгы айтылат Республикалык штабдын маалыматында. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 508 бейтап, амбулатордук түрдө 406 адам дарыланууда.

Штабдан билдиришкендей, бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: