Президенттин администрациясынын парламенттеги өкүлү депутат Евгения Строкованын өлкө башчысынын маалымат катчысы Галина Байтерек айрым кадр маселелерин чечип жүргөндүгү боюнча сөзүн төгүндөдү. Ал өз жообунда президент эч качан анын атынан сүйлөөгө эч качан жол бербей тургандыгын белгилеп, Галина Байтерек президенттин расмий маалыматтарын жайылтуу менен алектенип, өлкө башчысынын сайтына көз сала тургандыгын кошумчалады.

Ошол эле учурда бул маселе боюнча Галина Байтерек өзү дагы Фейсбук социалдык тармагы аркылуу билдирүү жасап, кадр саясатына кийлигишпегендигин айткан. Ал эми “Слово Кыргызстана” гезитинин айланасындагы маселеде болгону гезиттин эмгек жамааты ал аркылуу тийиштүү тараптарга редакциядагы жаралган маселени жеткирип коюу өтүнүчү гана болгонун белгилеген.

Ал бул маселеде кесиптеш жана профессионал катары өз оюу гана болгондугун белгилеп, курулай айыптоодон алыс болууну өтүнгөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: