2021-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Бекбай Алыкулов эмгек жолун Кыргыз Республикасынын «Билим» коомунда методист болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң 1965–1967-жылдары Кыргызстан керек-жарак союзунда китеп-соода бөлүмүнүн улук адиси, 1967–1983- жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинде атайын кабарчы, «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүнүн башчысы, 1988-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор, 1990-жылдан «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүндө улук редактор, «Чүй баяны» гезитинде, андан соң «Кыргыз Туусу» гезитинде маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Калемгердин “Өмүрү өрнөк инсан”, “Аккуулар кайтып келатат”, “Балалык менен кездешүү” аттуу китептери жана көркөм, публицистикалык тандалма чыгармаларынын эки томдугу жарык көргөн.
Жазуучу жана журналист Б. Алыкулов чыгармачылыктагы зор ийгиликтери үчүн 1974-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган, 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардак наамга татыктуу болгон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: