Күйүүчү жана майлоочу майлардын контрабандалык жүктөрүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-358-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки ондүрүштүн алкагында, Лейлек районунун «Коргончо» чек ара бөлүгүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды (болжол менен дизелдик күйүүчү май) алып өтүүгө аракет жасоо учурунда, жасалма мамлекеттик номур менен коңшу республикалардын биринде каттаган эки «Хюндай-Старекс» автоунаасы кармалды.

Такталгандай, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташууга контейнерлер үчүн автоунаалардын кузовдорун атайын жасалгалагандыгы аныкталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы көлөмү болжол менен 8 тоннаны түзгөн. Учурда фактылык жагдайларды жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: