Чүй облусунун Токмок шаарында эки жылдан бери 15 жаштагы өгөй кызын зордуктап жүргөн деген айып менен кармалган адам эркиндикке чыкты. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 5-декабрында Токмок ШИИБне калаадагы үйлөрдүн биринде уруш болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анда 15 жаштагы кыз 2018-жылдан бери анын өгөй атасы зордуктаганы үчүн апасы жана таежеси менен урушуп жаткандыгы белгилүү болгон.

Кыздын көрсөтмөлөрүнө ылайык аталган окуя боюнча “Зордуктоо” фактысы менен кылмыш иши козголгон. Бирок, 15 жаштагы кызы жакында буга чейин жалган көрсөтмө берип жүргөнүн ачыктап, өгөй атасына доосу жок экендигин билдирген. “Кыздын өгөй атасы убактылуу кармоочу жайдан чыгарылды. Кыз ага карата жалаа жапканын айтты”, – деп айтылат укук коргоо органдарынын маалыматында.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: