Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына эки күндүк жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жумушчу сапардын алкагында Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушат, ошондой эле Ташкент шаарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана инновациялык ишканалардын иши менен таанышат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: