“Ош мэрин периштеге теңегендерге айтып коёюн! Сарыбашев заправкаларды шаардан чыгарам деген – аткарбады!”. Мындай пикирин журналист Ыдырыс Исаков “фейсбук” социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Исаковдун сөзү өзгөртүүсүз берилет:
“Ош мэрин периштеге теңегендерге айтып коёюн!
Сарыбашев заправкаларды шаардан чыгарам деген – аткарбады!
Сарыбашев тротуарларды ачам деген – тумшугундагы тротуарды ачканча да духу жеткен жок.
Сарыбашев Раим Матраимов горОНОнун жолун тосуп алган. Аны ачабыз деген – ачпады. Палвандын духу жеткен жок.
Өзүнөн башка эч ким окубаган, шаардыктардын көйгөйүн жазбаган, мэрди гана мактаган, даарат кагазга да кайра иштетмейинче жарабаган “Ош шамы” гезитин шаар казынасынын эсебинен багып отурат.
Маданият башкармалыгы деген мекемени жоюп салгандын ордуна ал мекемеге жердешин деректир кылып, пайдасы жок мекемени карындын майындай кылып багып отурат.
Бирин-Бири кайталаган, бир эле ишти кылган (экөө тең тендерге далдалчы) Ош УКС жана Ош УГД деген мекемелерди салыкчылардын эсебинен багып отурат.
Ош мэри он чакты домду краскалады, Кулатов шаарчасындагы санитардык коргоочу зонаны аллея деп атап түтүн менен чаң сапырылган, отурсаң кулак мээни жеген шум жерге отургуч жасады.
Ошол эле Кулатов шаарчасындагы жаңы жолдун боюнан жалаң бей-бечаранвн дүкөнүн бузуп, Алайлык акаларинин жана башка байлардын имараттарына тийбей аттап, ит чайнагандай кылып аз гана жер бошотуп газон экти.
Губернатор кезинде кызматтык машинаны жеке максатта пайдаланган жетекчилерге чара көрүлөт деген буйрук чыгарып коюп, азыр өзү мэриянын машинасына катын, бала-чакасын салып, ара күндө Алайга каттап атат.
Кыйратып тротуар ачкан жок. Стоянка боло турган жерлер сатылып, арендага берилип кентен. Автотыгын ошондон болуп атат. Бу палван ошо жол тыгынды жоюш үчүн эмне кылсам болот деп баш оорутуп койгонго да жараган жок.
Бул мэр келгенден бери канча жаңы көчө ачылды? Канча жолго жаңы асфальт басылды? Шакиров көчөсүн кеңейткендеги абалын баарың билесиң.
Бу интернет жылдыз, ютуб периште мэриңердин эмнесине сыйынасыңар билбейм”, -деп билдирди ал.

Макала жактыбы?

НетДа
3
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: