Премьер-министр Улукбек Марипов коронавируска каршы эмдөөнү азыр эмес, кийинчерээк алат. Анын пикиринде эмдөөнү биринчилерден болуп кооптуу тобундагы – медицина, аскер кызматкерлери, мугалимдер алышы керек.

Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын башчысы Толкун Камчыбекованын айтымында, премьер-министр өлкөнүн башка жарандары сыяктуу эле эмдөө мүмкүнчүлүк алуу маанилүү деп эсептейт, ошондуктан ал вакцинаны Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталган артыкчылыктуу тартипте алат.

“Премьер-министр буга чейин коронавирус илдети менен ооруган, буга байланыштуу дарыгерлердин айтымында анын иммунитети азыркы учурда өлкөнүн бардык жарандары үчүн вакцинанын көбүрөөк жеткиликтүүлүгүн күтүүгө мүмкүнчүлүк берет”,-деген өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында депутат ТАзабек Икрамов Кытайдан келе турган вакцинаны алгач министрлер кабинети, жогорку кеңештин депутаттары алышы керектигин белгилеген. Себеби, коом арасында Кытайлык вакцинанын эффективдүүлүгүнө бир топ күмөн ойлор жаралып жаткандыгы маалым.

Ошол эле маалда, өлкөдө вируска каршы эмдөөнү алгачкылардан болуп Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев алган. Бирок, ал чындыгында Кытайдан келген вакцина менен эмделдиби же жөн гана витамин сайдырып койдубу?, – деген суроолор социалдык тармакта кызуу талкууга алынган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: