Сары-Өзөн-Чүйдүн Сокулук районундагы “Белек” ат майданында ушул маалда «Чүй Ынтымагы» кубогу үчүн мелдештер өтүп жатат. Турнир 30-мартта башталып, баш-аягы 5 күнгө созулду. Кыл чайнашкан таймашка жалпысынан Чүй боорунан 31 команда катышып, алар үч категорияга бөлүнгөн.

Чүй облусунун Көк-Бөрү федерациясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловдун айтымында, турнир аталган федерациянын колдоосу менен иш жүзүнө ашып, Сары-Өзөн Чүйлүктөргө жакшын маанай тартуулап жатат.  Райымкулов кошумчалагандай таймаштын жалпы байге фонду 1 млн 250 миң сомду түзөт. Улуттук көк-бөрү, ат оюндарынын кыргыз жергесинде байма-бай өтүп турушу, улуттук өзгөчөлүктү, маданиятты сактап, андан ары өнүктүрүүгө чоң салым болот деген ойдо бүгүнкү турнирдин уюштууруучусу Бактыбек Райымкулов.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: