Аялы жылаңач бойдон кирип келди. “Zoom” программасында ыңгайсыз абал дагы кайталанды (Видео)

433

Түштүк Африка Республикасында Салттуу Лидерлердин Улуттук Үйүнүн комитет жыйынын токтотууга туура келди. “Zoom” аркылуу жолугушуу учурунда чиновниктин аялы жылаңач түшүп калды деп маалымдайт “Mirror” басылмасы.

Чыгыш Кап провинциясынын өкүлү COVID-19 инфекциясынан каза болгондор жөнүндө сөз сүйлөп жатканда бөлмөгө аялы кирип келген. Үстүндө эч нерсе болгон эмес. Ошол учурда катышуучулар күлүп башташкан. Комитет башчысы баяндамачынын сөзүн бөлүп, артка кылчайып кароону эскерткен.

Чиновник токтоосуз кечирим сурап, аялынын кылыгын түшүндүргөн. Анын айтымында, жолугушуу саат 22:00дө аякташы керек болгондуктан, аялы онлайн жолугушуу уланып кеткенин билген эмес. Андыктан аялы душка түшүп, онлайн жолугушуу бүттү деп бөлмөгө кирип келе берген.

Мындан тышкары, “биздин үйдүн курулушу ушундай болгондуктан, мындай иш-чараларды жеке-жеке өткөрүү мүмкүнчүлүк жок “, – деди ал.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери мындай ыңгайсыздыктар көбөйгөн. Маселен, АКШда адвокат мышыктын беткабын кийип онлайн сот отурумуна катышкан болчу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь