«Бешинчи каналдын» кызматкерлери жаңы жетекчиге каршы бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасады.
Мекеменин кызматкерлери кайрылуу президент Садыр Жапаровго, премьер-министр Улукбек Мариповго, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакировго, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге жолдонду.
Анда жетекчиликке 4 ай мурун дайындалган Рахат Сулаймановдун айлык акыны алгач айтылгандан алда канча көп суммага кыскартканын, аны кызматкерлер маяна алганда гана билгенин жазылат. Ошол эле учурда жетекчи жаңы кызмат орундарын ачып, негизсиз айлык коюп берген.
Мындан тышкары, Рахат Сулайманов жетекчи болуп келгенде каналдагы эл көп көргөн «Ойбүгүн», «Күнөзөк» программаларын себепсиз токтоткон жана «Учурда», «Бешинчиде бешөө» берүүлөрүн кыскарткан. Мындай олуттуу өзгөрүүлөрдөн кийин бир топ кызматкер иш таштаган.
Коллективдин ичинде жетекчиге сын айткан кызматкерлерге психологиялык басым жасоо менен түшүнүк кат жаздыруу ыкмасын колдонуп жатканы айтылды.
Конституциялык укугубуз жана Эмгек кодексинин талаптары одоно түрдө бузулду деген кызматкерлер, бул иште «өзүм билемдик», «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» деген кылмыш беренелеринин элементтери бар деп эсептешет.
“Натыйжада мурда бир эле башкы продюсер жасап келген ишти 3-4 адам аткарып, тек гана буйрук берген чоңдор көбөйдү. «Өз кишилерге» очойтуп, өзүнчө бирден бөлмө берилип, карапайым кызматкерлер муздак, шарты жок бөлмөлөрдө тыгылып отурат. Ал аз келгенсип ишти билбеген «өз кишилер» жалпы жамаатка, айрыкча жаш кабарчыларга шылдың болууда. Мындай абал иш процессин татаалдантып, кедергисин тийгизүүдө. Мындан тышкары биздин каналда бир күн да иштебей, бирок штаттык орунга кирип, айлык алып жүргөн адамдар бар экенин аныктадык”,– деп айтылат кайрылууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: