Ырчы Анжелика Кайратова коронавирусту жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн “Instagram” баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, компьютердик томографияда өпкөдө көйгөйлөр аныкталган жок, бирок жыт сезүү жоголуп, жөтөл пайда болгон.

«Азыр мен иммунитетимди, көңүлүмдү көтөрүп, витаминдерди ичип жатам. Менде сасык тумоо сыяктуу белгилер бар, бирок башым оорубайт жана температурам жок», – деди ал.

Ырчы катталуучуларын саламаттыкты сактоо эрежелерин көз жаздымда калтырбоого, беткап кийип, социалдык аралыкты сактоого чакырды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: