Аксыда 7- класстын окуучусу 16 жашар биртууганынан көз жарган. Окуянын чоо-жайы

586
Аксыда көз жарган 14 жаштагы өспүрүм кыздын ишине байланыштуу 5-апрелде аталган райондо 2004-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев ал Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.
Айрым маалымат каражаттары кылмышка шектелген бала көз жарган өспүрүм кыздын жакын тууганы экенин жазышкан.
Аксыда өткөн аптада райондук оорукананын төрөт бөлүмүнүн дарыгери 14 жаштагы кыз көз жарганы тууралуу жергиликтүү милицияга кабар берген. Бул окуядан улам Жазык кодексинин 161-беренесинин (“Зордуктоо”) 4-бөлүмүнө ылайык сотко чейинки өндүрүштүк ишти тергөө башталды.
Булак: “Азаттык”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь