“Манас” аэропортунун сырлуу башчысы

1 032

“Манас” аэропортунун башчылыгы майлуу орун катары каралып келет. Анын акыркы бир катар жетекчилеринин ири суммадагы акча каражаттарын кымыргандыктары үчүн камалып, жоопко тартылганы турганы мунун айкын далили. Өткөн жылдагы элдик толкундоонун шарданы менен “Манастын” башчысы да алмашып, бул орунга кадимки Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков келген. Коомчулукта “баягы коррупционер кайра келди” деген сын жааганынан көп өтпөй ал кызматтан алынып, ордуна элге анча таанымал эмес Бакыт Шаршеев келди. Жаңы жетекчи орунга жаңы эле отураары менен айрым массалык маалымат каражаттарында сын пикирлер жамырады. “Шаршеев буга чейин “Кыргыз темирди”, “Сапаткомду” банкрот кылган, ЖКда “балык” депутат болгон. Ал орун басарлыкка “Кыргыз аба жолдорун” жайлаган Бектургановду апкелди. Экөө аэропортту талкалашат” деп ызылдашты. Аз күн өтө “40тай жетекчини ыргытышып, өз туугандарын апкелишти” деп жана добулбас кагышпаспы.

Бакыт Шаршеев – түбү Нарындык, 50 жашта. Фрунзе политехникалык техникумунан гидротехник, Нарын университетинен бухгалтердик эсеп жана аудит адистигин алган. Чарбалык, курулуш уюмдарында адис, орто рангадагы жетекчи болуп такшалып, Нарын эркин экономикалык аймагында кийин бизнесте бышкан. “Кыргыз темир” ишканасынын Нарын аймактык бөлүмүндө, андан кийин “Сапатком” уюлдук байланыш түйүнүндө ийгиликтүү кызмат аткарган. Оппоненттери “банкрот кылган” дегендери шоона эшпейт. Бул эки ишканада тең үзүрлүү эмгектенгени тарых. Уюлдук байланыш Шаршеев кезинде күтүрөп өнүгүп, кийин ал кеткенде кургуйга түшкөн. Мындай алымдуу аракеттеринин артынан Бакыт Октябрь уулу Жогорку Кеңешке “Ата-Журт партиясынан депутат болгон. Билимдүү, сабырдуу ишмер микрофонго жулунуп, элге таанылайын деп популисттик кылбай, элге, коомго керектүү мыйзамдарды жазуунун үстүндө иштеген.

Жапаров бийликке келгенде Садыр Нургожо уулунун ишенимине арзып, президенттик шайлоодо башкы талапкердин Бишкек шаардык штабын билгичтик менен башкарды. “Манас” аэропортунун башчылык орду бошогондо республикалык жетекчилик улунуп-жулунбай, тынч, өз милдетин дайыма ийине жеткире аткарган, мурда-кийин “жеп-ичти” деп булганбаган таза ишкерге токтолду окшойт. Арийне, бул чечимдин тууралыгын мезгил аныктайт. Ага болбой, алгачкы жыйынтыктарды күтпөй, оппоненттеринин ызылдоосу орунсуз. Мисалы, “40 кишини жумуштан айдады” дешет. Жаңы жетекчи сөзсүз өзү ишенген кадрларды апкелет, бардык орундарда ушундай. 40 киши бир миңден ашык адам эмгектенген чоң коллектив үчүн аз эле көрсөткүч. Экинчиден, мындай сыйлуу мекеменин бакыйган кызмат орундарына мурдагы бийликтин жакын-жааттары жайгашканы бештен белгилүү. Алар жеп-ичип, жыргап доорон сүрө бериши керекпи дагы эле?!

Кесипкөйлүк боюнча. Жетекчи а дегенде мекемени туура жолго баштоочу менеджер болушу керек. Шаршеев көп тармактарда такшалган ишкер жетекчи. Жанына Бектургановго окшогон аба жолдорунун мыкты адистерин чакырган.

Узун сөздүн кыскасы, Манас бабабыздын ысмын алып жүргөн ири мекемеге чоң иш пландар менен келген жаңы коомдун талаптарына шайкеш жетекчини сын көз менен тиктеп, ийгилик каалап туралы. Маанилүү мекеменин ийгилиги – мамлекеттин, элдин эле байлыгы болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь