Хоккей судьясы оюн учурунда жети тишинен айрылып калды (Видео)

466

Финляндиянын хоккей чемпионатында бир судья жети тишинен айрылды, деп билдирет “УНИАН” маалымат агенттиги.

Кырсык “ХПК” менен “Юкурит” хоккей матчы учурунда болгон. Судья Юкка-Пекка Койстинен матч учурунда жаракат алып, анын ордун башка судья алмаштырууга туура келген.

Кийин белгилүү болгондой шайба калыстын бетине тийген. Сокку ушунчалык күчтүү болгондуктан шайба калыстын 7 тишин бирден кагып түшкөн. Анын төрт тиши толугу менен алынган, ал эми үчөө жабыркаган.

Дарыгерлер судьянын баш мээси чайкалып, жаак сөөгү сынган деген божомолду четке каккан жок. Алар жардам үчүн Юкка-Пеккаканы талаадан алып кеткен.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь