Өлкөдө 9-апрелге чейинки күтүлгөн аба-ырайы

144

Кыргызгидромет 9-апрелге чейин өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

  • Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

5-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

6-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-апрелде күндүз жана 7-8-9-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

  • Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

6-апрелде түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

6-апрелде күндүз жана 7-8-9-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

5-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

6-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-8-апрелде түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 8-апрелде күндүз жана 9-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

  • Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

5-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

7-8-апрелде кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

  • Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

6-апрелде түнкүсүн жаан, кар жаашы күтүлөт.

6-апрелде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

7-апрелде кар жаашы мүмкүн.

8-апрелде түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт. 8-апрелде күндүз жана 9-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

  • Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

5-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

7-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

8-апрелде кээ бир райондордо жаан жаашы күтүлөт.

9-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь