Бишкек шаары коонавирустун жайылышы боюнча “кызыл зонага” кирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдиргенин жазып чыгышты.
Анын айтымында, мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгында эпидкырдаал Бишкек шаарында күч алууда.
“Бишкек “кызыл зонага”, Чүй облусу “сары”, калгандары “жашыл зонага” кирди”, – дейт ал.
Мындан тышкары Бектурганов жарандарды санитардык талаптарды сактоого чакырды.
Белгилей кетсек, 6-апрелге карата Кыргызстанда дагы 124 адамдан COVID-19 жаңы табылса, анын ичинен 77 учур Бишкек шаарында катталган. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 277 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 388 киши айыгып чыкты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: