Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 7-апрель элдик революция күнүнө карата “Апрель баатырлары унутулбайт” аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чарага Апрель элдик революциясынын баатырлары, коомдук- маданий ишмерлер жана жалпы коомчулук катышты.

Иш-чараны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ачып, 2010-жылы болгон Апрель элдик революциясынын мүдөөсү, андагы мекендештерибиздин кыйылган өмүрү жана бул күндүн тарыхтагы орду тууралуу кайрылуу жасап, Апрель баатырлары унутулбай тургандыгын кошумчалады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: