Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусуна метеорит түштү деген маалыматты текшерип жатат.
«Алдын ала маалыматка караганда, Чүй облусунун аймагында эч кандай кыйроолор же жабыр тарткандар жок. Балким объект Кыргызстандын аймагына түшкөн эмес. Маалымат текшерилүүдө», – деп билдиришти ӨКМдан.