Экс-депутат Токтогул Туманов каза болду

262
Экс-депутат Токтогул Туманов каза болду. Бул маалыматты Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев тастыктаганын АКИpress агенттиги жазып чыкты.
Анын айтымында, Туманов 6-апрелде көз жумган.
«Ал амбулатордук шартта үйүндө дарыланып, ден-соолугу начарлап кеткенден кийин 1-апрелде ооруканага түшкөн. Ал пневмония менен ооруган. Ооруканага түшкөндө бейтаптын абалы оор болчу», – деди ал.
Маркум 2018-жылы октябрь айында Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. 2010-жылы 10-ноябрда Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь