Бразилияда бир күндө 4195 адам коронавирустан көз жумду. Пандемия башталгандан бери мындай көрсөткүч биринчи жолу болуп жатат, деп билдирди Би-Би-Си басылмасы.

Бразилиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, вирус бүгүн өлкөдө 13 миллиондон ашык адамдан табылды. Март айында коронавирустан болжол менен 66 570 адам көз жумган. Ошентип, бул мурунку айга салыштырмалуу эки эсе көбөйгөн.

Ооруканаларга адамдар батпай, айрым шаарларда адамдар дарыланбай көз жумуп жатышат. Ал эми көптөгөн тармактар кыйроонун алдында турат.

Жалпысынан өлкөдө каза болгондордун саны 337 миңден ашты. Натыйжада Бразилия өлүм көрсөткүчү боюнча АКШдан кийинки экинчи орунга чыкты.

Бүгүнкү күндө кеңири жайылган SARS-CoV-2нин жаңы түрү инфекциялардын жана өлүмдөрдүн санынын көбөйүшүнө себеп болууда.

Бирок Бразилиянын президенти Жаир Болсонару ар кандай чектөөлөргө каршы. Анын айтымында, экономикага келтирилген зыяндын кесепети вирустун өзүнө караганда кооптуу болот. Ал тургай жергиликтүү бийлик тарабынан коюлган айрым чектөөлөрдү алып салууга аракет кылган.

Жайир Болсонару президенттин резиденциясындагы карантин чараларын сынга алып, бул жумушсуздукка, депрессияга жана семирүүгө алып келет деп билдирди. Бирок, Бразилиянын лидери акыркы 24 саатта катталган 4195 өлүм боюнча түшүндүрмө берген эмес.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: