Премьер-министр Улукбек Марипов мажбурлап никеге туруу үчүн кыздарды ала качуу кылмыш экенин жана ал үчүн жазалоо каралганын билдирди. Бул тууралуу Марипов Бишкекте Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөндөн кийин комментарий берип, «бул иш-аракет адамга каршы жана аны актоого негиз жок», – деп кошумчалады.

Өкмөт башчы Марипов каргашалуу окуяны «элдин жалпы кайгысы» деп, күнөөлүүлөр адилет жана катаал жазага тартыларын убада кылды.

«Биз биргелешип иш алып баруу менен гана аялдардын укуктарын коргоп, басмырлоого каршы тура алабыз. Ала качуу салт эмес – бул кылмыш болуп саналат жана биз муну өлкөбүздүн ар бир адамына жеткиришибиз керек», – деди ал. 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Улукбек Марипов (@maripov_ulukbek)

5-апрелден бери дайынсыз болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылды.

Бишкек милициясы кабарлагандай, аны уурдоого шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон.

Бишкектин криминалдык милициясы кызды уурдоого шек саналгандардын бирөөнү кармады, дагы экөө изделүүдө.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: