Бишкек мэриясынын кызматкерлери коомдук транспортто санитардык тазалык боюнча рейддерди өткөрүүдө. Видео мэриянын фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.
Инспекторлор троллейбустун жүргүнчүлөрүнөн беткап кийип, түшүнүү менен мамиле жасоону суранууда.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 89438 учур катталды.