8-апрелде Бикшек ШИИББнин басма сөз кызматы 27 жаштагы кызды уурдоо жана өлтүрүүгө байланыштуу чуулгандуу окуя боюнча жаңы маалыматтарды билдирди.

5-апрелде Ш.Н. аттуу жаран Биринчи май РИИБне арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү болжол менен эртең мененки саат жетилер чамасында Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен 1994-жылы туулган кызы К.А.ны уурдап кетишкен. Кызды күч менен кызыл түстөгү 08 KG 933 AHR мамлекеттик номурлуу «Хонда Цивик» автоунаасына салып, качып кетишкен.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) менен катталган. Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө жана бөлүмдөрүнө тиешелүү көрсөтмөлөр жөнөтүлдү.

Биринчи май РИИБнин кылмыштуу милиция кызматынын жана Бишкек ШИИББнин ыкчам кызматкерлери унаа кимге таандык экендигин аныкташты. Ал Н.К. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну. Ал милиция кызматкерлерине унааны жаран К.Д.га ижарага бергендигин түшүндүргөн. К.Д. өз кезегинде агасы Т.З. такси кызматын көрсөтүп жүргөнүн айткан.

Натыйжада, милиция кызматкерлери уурдап кеткен адам 1985-жылы туулган Т.З. аттуу жаран экенин аныкташты. Ошол күнү ал достору менен кызды уурдап кетишкен.

5-апрелде укук коргоо органдарынын кызматкерлери автоунаанын кыймылынын жүрүшү жөнүндө маалымат алышкан. Унаа Ак-Өргө конушунун батыш тарабы менен өтүп бара жатканда байкалган. Буга байланыштуу Сосновка айылындагы посттун жанында милициянын кошумча күчтөрү коюлду. Кылмышка шектүүлөрдү издөө иш-аракеттери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык аймактарында милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Ошондой эле, окуя болгон күнү болжол менен кечки саат жетилерде уурдап кеткен кыздын апасы кызы менен байланышкан. Ал апасына кабатыр болбоосун айтып, үйүнө кайтып келерин кошумчалаган. 6-апрелде түнкү саат экилер чамасында кыздын апасы милицияга телефон чалып, кызы кайтып келбегенин айткан.

Ошол эле учурда, апасы менен сүйлөшкөндөн кийин кыздын телефону дароо өчүрүлгөнү аныкталды.

Милициянын айтымында, кыз аны уурдаган жаран менен тааныш болгон. Алар 4 айдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал киши жеке айдоочу менен алектенип, кээде кыз менен жолугуп турган. Күбөлөрдүн айтымында, Т.З.кыз жөнүндө көп айтчу жана ага үйлөнүүнү пландап жүргөн.

«Уурдалган кыздын, ошондой эле шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары бир мүнөткө токтогон жок. Шектүүлөр менен тааныш болгон адамдардын мүмкүн болгон бардык даректери, ошондой эле алардын жайгашкан жерлери, жумуш орду жана башка байланыштар баары текшерилди»,- деп айтылат билдирүүдө.

Жаштар 7-апрелде табылган. Түшкү саат үч жарымдар чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арашан жана Чоң-Таш айылдарынын ортосунда талаага жакын жерде унаада аял менен эркек кишинин жансыз денелери табылды деген билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБдин тергөө-ыкчам тобу, ИИМдин ыкчам кызматкерлери, Чүй ОИИББнин жана Бишкек ШИИББнин жетекчилиги барган .

Талаадагы унаанын ичинен 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Алардын денесине кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан улам каза болгону, ал эми эркек киши бычактан алган жаракаттан улам каза болгону аныкталган.

Жергиликтүү чабан бул унааны талаадан 5-6-апрель күндөрү көргөнүн, бирок унаа баткакка тыгылып калган деп ойлоп, анча маани бербегенин билдирди. 7-апрелде гана ал унаанын жанына барып, аялдын жана эркектин сөөгүн көргөн. Андан кийин дароо милицияга кабарлаган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Т.З. кыз менен пикир келишпестиктен улам аны муунтуп өлтүрүп, андан кийин өз өмүрүнө кол салган. Учурда ар тараптуу тергөө иштери жүрүп жатат. Керектүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

7-апрель күнү кечинде каза болгон кызды уурдоого шектелгендердин бири камакка алынган.Ал 1992-жылы туулган Р.А. аттуу жаран. Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле, ыкчам топтун кызматкерлери уурдап кетүүгө шектелгендер тууралуу толук маалыматты аныкташты. Алар изделүүдө.

Мындан тышкары, Ички иликтөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш боюнча иш алып барган милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттерине текшерүү дайындалды.

Булак: “Баракелде кж

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: