“Элдик Медиа” маалымат агенттиги, окурмандар арасында 11-апрелде өтө турчу Ош шаардык кеңешине кайсы партия көпчүлүк мандат алып келсин деген аталышта сурамжылоо жүргүздү.

Сурамжылоонун натыйжасында көпчүлүк добушка “Улуттар биримдиги” партиясы 507 – добуш, тагыраагы 32 пайыз менен алдыга озуп чыкты.

Андан соң “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы 392 – добуш, 25 пайыз менен экинчи орунду ээледи.

“Ишеним” партиясы – 269 добушка ээ болсо, “Бүтүн Кыргызстан” – 213 добуш алып, төртүнчүлүккө чыкты.

Калган “Бир бол” партиясы – 116 добуш, “Ыйман нуру” – 41 добуш, “Ынтымак” – 27 добуш, “Улуу Журт”- 10, “Республика”- 7 добушка ээ болушту.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 11-апрелде өтө турчу жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катыша турган азырынча 9 партиянын аты жарыяланган. Бардыгы болуп жалпы 699 талапкер катталган.

Алсак, эң көп талапкерлер “Улуттар биримдиги” партиясынан катышууда, алардын саны 161 деп көрсөтүлгөн.
“Ата-Журт Кыргызстан” – 79, “Бүтүн Кыргызстан” – 75, “Ыйман нуру” – 70, “Бир бол” – 70, “Ынтымак”- 69, “Ишеним” -67, “Улуу Журт” -66, “Республика”- 42 талапкер.
Жалпысынан жергиликтүү кеңешке республика боюнча 59 партия ат салышууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: